"Жер арыктаганда аба булганат"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында Жер планетасынын 40% аянты топурагын жоготуп, деградацияга учураган. Бул процесс Кыргызстанда да жүрүүдө. Эксперттер соңку кезде жайыттар жана айдоо аянттары асылдуулугун жоготуп, такырайып баратканын белгилешет. Окумуштуулар топурак абага зыяндуу газдарды чыгарбай кармап турган кабык экенин айтышат. Топурак кантип пайда болот, аны кантип сактоо керек, түшүмдү кантип мол алыш керек? Бул суроолорго топурак таануучу адис, биолог Таалай Мамбетов жооп бермекчи.